Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.02.2017 13:40

Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында «Манас таануу» таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы Т.Атаев атындагы орто мектебинде өткөн «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, таймаштын жыйынтыгында белгилүү жаш манасчы Үмөт Болот уулу жеңишке жеткен командаларга облустук мелдеште ийгилик каалап, «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.

Ошондой эле, аталган райондун намысын коргоо үчүн 30 мектептин ичинен жеңишке жеткен Кашат айылынын К.Кудайбердиев атындагы орто мектебинин командасына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова ыраазычылык баракчасын жана облустук мелдешке жолдомо тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×