Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.02.2017 08:22

Кышы 8 айга созулган Каркыра айылында 13 окуучу окуйт (фото)

Turmush -  Кышы 8 айга созулган Каркыра айылында балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу мектептин мугалими Элнура Калканова билдирди.

Анын айтымында, Каркырадагы 13 окуучуга 3 мугалим сабак өтөт. Алардын жетөө даярдоо классынын окуучулары. Окуучулар бир класста 2 мөөнөт менен окушат.

«1-класста 4, 2-класста 3, 3-класста 2, 4-класста 4 окуучуга Чолпон Туратова экөөбүз сабак өтөбүз. Ал эми Канатбек кызы Гүлай даярдоо классынын 7 окуучусун окутат. Келечекте класстын санын көбөйтпөсөк, эмдиги жылы даярдоо классына келген окучулардын саны 10 баладан ашканы турат. От жагуу боюнча көйгөй болуп, кыштын кап ортосунда классты темир меш менен жылытууга туура келди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×