Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.02.2017 14:58

Каракол шаарындагы мектептерге 34 миңден ашык китеп жетишпейт

Turmush -  Каракол шаарындагы мектептерге 34 миң 773 китеп жетишпейт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда аларды сатып алууга каражат изделүүдө. Билим берүү бөлүмү ар бир мектепте жетишпеген китептерди тактап чыгып, алардын тизмесин жергиликтүү бийликке өткөрүп берди. Алардын ичинен эң көп муктаждык кыргыз тили, математика, англис тили боюнча китептерге болууда.

5-класстарга кыргыз тили боюнча 1855 китеп, математика боюнча 900 китеп жетишпейт. 6-класстарга математика боюнча 870 китеп, 7-класстарга кыргыз тил китебинен 609 даана жана алгебрадан 770 даана, англис тилинен 600 даана китеп керек. 8-класска физикадан 670 китеп жетпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×