Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.02.2017 08:03

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ж.Таалайбек уулу шайланды

Turmush -  Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Таалайбек уулу Жоомарт шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка мурдагы айыл өкмөт башчысы Нурбек Асанов менен Таалайбек уулу Жоомарт талапкер болушкан. Айылдык кеңештин 11 депутатынын алтоосу Таалайбек уулу Жоомартты колдоп, айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Аталган айыл өкмөттө мындан мурда кворум жок шайлоо болбой калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×