Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.01.2017 07:53

Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Айбалиев шайланды

Turmush -  Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Болот Айбалиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Түп районунун акиминин биринчи орун басары Болот Айбалиев менен ИИМдин отставкадагы полковниги, бир кезде Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп кеткен Канат Курманалиев ат салышкан. Шайлоого Түп айылдык кеңешинин 21 депутаты толук катышып, Б.Айбалиев 12 добушка, К.Курманалиев 9 добушка ээ болду.

Түп айыл өкмөтү райондо дотациядан чыккан жалгыз айыл өкмөт болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×