Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.01.2017 18:10

Айыл турмушу: Караколдук ырчы бир туугандар Даниэль менен Бактыгүл Дубайда концерт берүүнү кыяданышат (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы бир туугандар Бактыгүл Керимова менен Даниэль Керимов дует ырдап, ар кандай сынактарга катышып келет. Аймактык кабарчы таланттуу бир туугандар менен таанышты.

Учурда Бактыгүл 13 жашта, Даниэль 14 жашта. Даниэль гитара чертип, карындашы ырдайт.

«Биз бирге даярданып, сынактарга катышабыз. Ошондой эле үй-бүлөлүк майрамдарда ырдап берип, келген меймандарды кубантабыз», - деди ырчы кыз.

Бактыгүл 7 жашынан бери бийге катышат. Ошондой эле 3 тилде эркин сүйлөйт. Бир туугандар мыкты чыгармаларды даярдап, Дубай шаарында концерт берүүнү кыялданышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×