Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 20.01.2017 16:03

Балыкчыда окуучулар арасында предметтик олимпиада өттү

Turmush -  Балыкчы шаарында окуучулар арасында предметтик олимпиада өттү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү маалымдады.

Маалыматка караганда, 6 сабак боюнча өткөн олимпиада 3 күнгө созулду. 1-2-орунду алгандар февраль айында өтүүчү облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Өткөн жылы Балыкчы шаарынан 4 окуучу Бишкек шаарындагы республикалык олимпиадада 1-2-орундарды жеӊип алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×