Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.12.2016 18:32

Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси болуп Б.Жайлымышова дайындалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчилигине Бейшекан Жайлымышова дайындалды. Аталган борбордун мурунку жетекчиси — 70 жаштагы Жаныш Мокешов ардактуу эс алууга чыккан.

Бейшекан Жайлымышова 1960-жылы Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында врач-терапевт адистиги боюнча билим алган.

Б.Жайлымышова

1

Эмгек жолу:

- 1984-1985-жылдары Фрунзе шаарында тез жардам кызматында иштеген;

- 1986-1996-жылдары —  Балыкчы шаарында аймактык дарыгер;

- 1996-2001-жылдары — Балыкчы шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун клиникалык бөлүмдүн башчысы;

- 2002-2011-жылдары — Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордун директорунун орун басары;

- 2011-2016-жылдары — Каракол шаардык тез жардам кызматы бөлүмүнүн башчысы.

Б.Жайлымышова «Саламаттыкты сактоонун отличниги» наамы менен сыйланган, 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×