Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2016 14:39

Караколдогу дарыгерлер төрөт учурунда 2 литр кан жоготкон аялды сактап калышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы төрөт үйдүн дарыгерлери төрөт учурунда 2 литр кан жоготкон аялды сактап калышты.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери билдиргендей, 13-декабрда аталган бөлүмгө Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургуну Эльмира Кылычова курч респиратордук вирустук инфекция менен келип түшкөн. Мындан улам анын дене табы 38,3 градуска жогорулаган.

«Ал бул жолу 4-баласын төрөдү. Биринчи баласын жакшы төрөгөн. Экинчи жана үчүнчү төрөттө да кан жоготкон. Мунун алдын алуу максатында көк кан тамырга атайын эритме колдонулган. Бирок, бул эритме дагы жардам бербей, көп кан жоготту. Дарыгерлер болгон аракетин жумшап канды токтотушту. Бир сааттан кийин кайра жатынынан көп кан кетти. Биз операция жана хирургиялык жол менен канды токтоттук. Аялдын канын толуктап, тиешелүү дары-дармектерди колдондук», - деди дарыгер.

Учурда эне-баланын абалы жакшы.

«Мурунку төрөттөрдө да кан жоготком. Бул жолу боюма бүткөндө кудайдын жана дарыгерлердин жардамы менен төрөйм деп ойлогом. Бирок мен бала үчүн чоң коркунучка барыптырмын. Азыр дарыгерлердин жардамы менен ден соолугум жакшы. Кубанычтамын», - деди Э.Кылычова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×