Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.12.2016 17:22

Түп айыл өкмөтүнүн бюджети 22 миллион сомго жетти

Turmush -  Түп айыл өкмөтүнүн бюджети 22 миллион сомго жетти. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан 3 жыл мурда айыл аймактын бюджети 18 млн сом болчу. Түп айыл өкмөтү райондо дотациясы жок иштеп жаткан жалгыз жергиликтүү бийлик органы. Айыл өкмөт жамааты кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу аркылуу каражатты жогорулатууга жетишүүдө.

Эл аралык долбоорлор аркылуу таза суу, жол маселелери чечилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×