Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.12.2016 08:23

Караколдуктар саат 08:00дөн тарта добуш берип жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында добуш берүү башталды. Аймактык кабарчы билдиргендей, Каракол шаарындагы №3138 шайлоо тилкеси саат 08:00дө ачылды. Бул тилкеден тизмедеги 1473 шайлоочу добуш берет.

№3138 шайлоо тилкесиндеги комиссиянын төрайымы Динара Серапованын айтымында, комиссиянын курамында 9 адам бар.

«Саат 08:00дө Кыргызстандын гимни аткарылып, референдум башталды. Тиешелүү тараптардын көзөмөлү менен текшерүүчү кагаз урнага салынып, мөөр басылды. Саат 08:07ге карата 7 шайлоочу добуш берди», - деди Д.Серапова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×