Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.10.2016 08:59

Түптөгү ооруканага 25 млн сомдук медициналык жабдуулар алынып келет

Turmush -  Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 25 млн сомдук медициналык жабдуулар алынып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга борбордун жетекчиси Жаныш Мокешов билдирди.

Анын айтымында, жабдыктарды атайын долбоор аркылуу алып жатышат.

«Санарип рентген, флюорографиялык аппарат, гемодиализ аппараты, стационардык УЗИ, доплер жана башка заманбап аппараттар алынып келип, 2017-жылдын февраль айынын башында орнотула баштайт», - деди ал.

Аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 2014-жылы Сауд Арабия жана Кызыл ай коомунун каржылоосу менен 32 млн сомго курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×