Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.10.2016 13:51

Жаш талант: Чет элдик конокторду комуз чертип таң калтырган 14 жаштагы Тимур адилеттүү прокурор болгусу келет (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 14 жаштагы тургуну Тимур Бейшенов 5 жылдан бери комуз чертүүнү үйрөнүүдө.

Т.Бейшенов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал буга чейин көптөгөн сынактарды жеңип келген. Ал эми быйылкы жыл ага өзгөчө болду. Анткени, ал Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн иш-чарага катышты.

«Иш-чарада абдан толкундандым. Себеби, чет өлкөдөн келген конокторго комуздун күүсү аркылуу кыргыз маданиятын, тарыхын жеткирдик. Бир нече сынакта жеңүүчү болсом дагы Көчмөндөр оюндарындагыдай толкунданган эмесмин», - дейт Т.Бейшенов.

Ал «Кыз Кербез», «Шаттык», «Ататолго» сыяктуу күүлөрдү чертүүнү жактырат.

«Комуз черткенде жан дүйнөм эс алат., рахат алам, жаңы идеялар келет», - дейт жаш комузчу.

Тимурдун апасы уулун дайыма колдоп, анын ийгиликтерине кубанып келет.

«Мен да бала кезде комуз чертчүмүн. Бирок, ата-энем кары адамдар болгондуктан каршы чыгышкан эле. Кийин уулум комуз чертем дегенде абдан сүйүндүм. Ал сынактарга катышса кубанып, сыймыктанып, ийгилик менен келишин тилейм», - дейт апасы Гүлбара Жайсанбаева.

Тимур келечекте адилеттүү иштеген прокурор болсом деген тилеги бар. Учурда ал №6 мектепте 8-класста билим алууда. Үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×