Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 03.10.2016 13:09

Ысык-Көлдөгү балчылар лабораториянын жоктугунан чет өлкөгө бал сата албай жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы аары баккандар быйыл 500 тонна бал алышты. Бул тууралуу «Балчылар» коомдук бирикмесинин төрагасы Асхат Галиев билдирди.

Анын айтымында, балды Кытайга экспорттоого макулдашуулар болгон. Бирок, балдын тазалыгын текшерген лаборатория жок болгондуктан сата албай жатышат.

«Облуста лаборатория жок. Бишкек шаарында гана бир лаборатория бар. Бирок, ал жерде 3 гана параметрин текшерип берет. Ал эми бизден чөт өлкөлүктөр 18 параметр сурап жатат. Бул тууралуу өкмөткө дагы суранып кайрылганбыз. Мурда лаборатория курууга акча каралып, бирок ортодон жок болуптур. Эгер маселени өкмөттүк деңгээлде чечпесе балчылардын саны кайрадан азайып кетет. Учурда лабораториянын жоктугунан Кытай эле эмес башка дагы мамлекеттерге бал экспорттой албай жатабыз», - деди ал.

Галиев 2003-жылы облуста 150 гана балчы болсо, учурда аары баккан 1 миңге жакын фермер бар экендигин кошумчалады.

«Арабия, Россиядан көбүнчө эспарцет ак балына буюртма келет. Бирок облуста бул чөптүн да айдоо аянты азайып кыйынчылык болууда», - деди ал.

Учурда аарычылар балдын 1 кг 140 сомдон сатып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×