Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2016 14:12

Кырчын жайлоосунда меджардамга кан басымы жогорулап кеткендер жана колу-бутун күйгүзүп алгандар кайрылышты

Turmush -  Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда 40тан ашык медкызматкерлер кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

2-сентябрдан бери Кырчында Саламаттыкты сактоо министрлиги жөнөткөн дарыгерлер тобу иштеп жатат. Тез жардам көрсөтүүгө ылайыкталган унаалар жана башка жабдыктар дайындалган. Дарыгерлердин айтымында, кечээтен бери аларга кан басымы жогорулап кеткен, жүрөгү ооруган адамдар көп кайрылып жатат.

«Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бул жерде ар кайсы багыттагы дарыгерлер иштеп жатат. Тиш дарыгерден тарта терапевтке чейин бар. Буга чейин кан басымы жогору, колун же бутун күйгүзүп алгандар кайрылышты. Аларга медициналык жардамдар көрсөтүлдү», - деди Бишкек шаардык медициналык тез жардам дарыгеринин жардамчысы Болот Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×