Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.09.2016 12:08

Байзакта 40 жыл англис тилчи мугалим болуп иштеген Б.Өмүрбекованы эс алууга узатышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Байзак айылындагы А.Муканов атындагы орто мектепте англис тили сабагынан 40 жыл бою сабак берген мугалим Бурулуш Өмүрбекованы кеситештери 1-сентябрда ардактуу эс алууга узатышты.

Мектеп директору Гүлина Шыгаева, 62 жаштагы мугалим мектептеги эң тажрыйбалуу окутуучу болгондугун белгиледи.

«Бурулуш эже 62 жашка келгени менен жүргөнү шайдоот, мектеп боюнча тажрыйбалуу насаатчы мугалим. Мектепте чет тили мугалими жок болгондуктан 6 жылдан бери ардактуу эс алууга узатпай келгенбиз. Быйыл деле өзү суранганынан айла жок узатып жатабыз. Бирок бир чет тили мугалими жылдын аягында декреттик өргүүгө чыкканда арга жок кайра кайрылууга туура келет», - деди ал.

Мугалим ушул мектепте эмгектенген жолдошу Кубанычбек Сейдилдаев экөө классташ. Экөө 40 жыл бирге жашап, 40 жыл бир мектепте иштеди. Кубанчыбек ага тарыхчы. Мугалимдердин 4 кызы, 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×