Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.09.2016 14:13

Караколдогу мектептер менен бала бакчалардын директорлору алмашты

Turmush -  Каракол шаарындагы мектептер менен бала бакчалардын 60 жаштан өтүп калган директорлору алмашты. Бул тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ардактуу эс алуудагы жетекчилер атайын келишим менен иштешчү.

№11 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Гулиза Осмонова кызматынан кетип, ордуна Гүлзат Сөйкөева келди. №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын жетекчиси Калия Асанбаеванын ордуна Уулча Абдыкеримова келди. Ал эми, №2 мектепке Динара Давлетованын ордуна Лилия Асанбаева, №9 мектептин жетекчиси Айнагүл Сыдыкбекованын ордуна Алмаз Эсенаманов дайындалды.

Ошондой эле, №10 бала бакчанын жетекчиси Майрам Алдашеванын ордуна Алтын Түмөнбаева, №12 бала бакчадагы Динайида Чоңбашеванын ордуна Асел Абдразакова директор болду. №4 бала бакчанын жетекчиси Кадича Мамытбаеванын ордуна Сабира Исаева келсе, балдарга билим борборунун жетекчиси Люция Мусинанын ордуна Ташбаева Салтанат келди.

Директорлук кызматтан бошотулгандардын айрымдары мугалим болуп иштеп калышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×