Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.09.2016 15:35

Кара-Талаада 44 бүтүрүүчүнү узаткан мектеп бүгүн 44 окуучуну 1-класска кабыл алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Тоң районундагы Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы орто мектебинде 44 окуучу 1-класска кирди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектептеги башталгыч класстын мугалими Д.Байызова билдирди.

«Айылыбыздагы Б.Алаков атындагы орто мектебинде алгачкы коңгуроо салтанаты ыр-бий менен коштолуп, көңүлдүү өттү. Эң кызыгы быйыл мектептен 44 окуучу 11-классты аяктаса, бүгүн 1-класска 44 окуучу келди. Ал эми 40 бала даярдоочу класска кирди», - деди Байызова.

Аталган мектепте жалпы 450 окуучу окуп, 41 мугалим билим иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×