Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.08.2016 17:22

Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-августта Советбек Исмаилов Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп шайланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Акимдин кызматына 3 талапкер чыккан.

Талапкерлер:

- Советбек Исмаилов - Түй айыл аймагынын башчысы;

- Батабек Исмаилов - Түп райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;

- Эркинбек Кененбаев - өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы.

Акимди шайлоого Түп районундагы жергиликтүү кеңештеги 163 депутаттын 125и катышты.

Шайлоонун жүрүшүндө Батабек Исмаилов талапкерлигин алып, көпчүлүк добушка Советбек Исмаилов ээ болду. Ал 86 добуш менен Түп районунун акими болуп шайланды. Ал эми, Эркинбек Кененбаевдин талапкерлигин 14 депутат колдосо, 20 депутат экөөнө тең каршы добуш беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×