Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.08.2016 12:17

Ак-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехи ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Кара-Жал айылынан маалымдашты.

Учурда Кара-Жал айылындагы кризистик борбордун имаратынын бир бөлмөсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар тигүүчү кесибин үйрөнүп жатат.

Тигүү цехи аймактагы «Бир бол» коомдук фондунун жардамы менен уюшулуп, ага 2 тигүү машинасы жана жип түргүч жабдык алынган. Цехте мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тигүүчү болуп иштеп, ошол эле учурда колу жөндөмдүү кыздарга тигүүчүлүктү үйрөтүшөт.

Кризистик борбордо учурда 5 адам мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешет. Борбор аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дагы колдоо көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×