Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.08.2016 11:01

Өлкөнүн 7 облусунан чогулган жаштар Ысык-Көлдүн жээгин тазалашты (фото)

Turmush -  Кыргызстандын 7 дубанынан чогулган жаштар «Бириксек колдон келет» деген ураандын алкагында көл жээгин тазалоого чыгышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Буга чейин алар мындай иш-чараларды Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы өткөрүп келишкен.

Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айыл аймагындагы эс алуу пляжы 2012-жылы айыл жаштары тарабынан түптөлгөн. Учурда бул жакта тийиштүү шарттар түзүлүп, облустун бардык район-шаарларынан эс алуучулар келишет.

Кыргызстандын ар кайсыл дубандарындагы жаштардын башын бириктирген «Биздин добуш» коомдук уюмунун өкүлдөрү Жети-Өгүз районунда дагы болушту.

Алардын демилгеси менен жер-жерлерде жаштар борборлору ачылган. Көл өрөөнүнө келген жаштар 3 күн аралыгында тажрыйба алмашуу багытында семинарларды өткөрүшүп, соңунда көл жээгин тазалоого чыгышты. Жаштардын мындай кербенин эми башка облустарда улантуу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×