Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.08.2016 17:28

Ак-Сууда дан эгиндеринин жаӊы сорттору менен тааныштырышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясынын базасында 5-августта дан эгиндеринин жаӊы сорттору менен тааныштыруу максатындагы семинар-кеӊешме өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага район жетекчилиги, аймактагы айыл өкмөт башчылары, фермерлер менен дыйкандар жана айылдык кеңештердин депутаттары катышты.

Иш-чараны Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясынын директору Акылбек Касмалиев ачып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун алуу багытында станция тарабынан турмушка ашырылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

КР Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жана мелиорация министрлигине караштуу Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбордун директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты Дмитрий Анатольевич Тен Кыргызстан мындан эки жыл мурун AFACI - Азык-түлүк жана айыл чарба кызматташтыгы боюнча азиялык демилге уюмуна мүчө болуп киргендигин жана учурда дүйнөлүк алкактагы бул уюм аркылуу республиканын айыл чарба тармагында бир катар ири долбоорлор турмушка ашырылып жаткандыгын билдирди.

Аким Жолдошбек Байсеитов аталган станциянын аймак үчүн мааниси зор экендигин белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын ишкана менен тыгыз иш алып барып, аны менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн алака-катыштарын чыңдоого салым кошууга чакырды.

Семинар-кеңешменин катышуучулары станциянын талааларында болуп, өсүмдүктөрдүн ар бир сорттору боюнча станция директору Акылбек Касмалиев менен башкы агроному Кылыч Коноевдин маалыматын угуп, суроолорго жоопторду алышты.

Ал эми, Ново-Вознесеновка айылынан келген фермер Имаш Бектемиров менен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алдаяр Бейшекеевдин айтымында, аймактагы фермерлер менен дыйкандар сорт сыноо станциясы менен тыгыз байланышта болуп, жыл сайын жаңы сортторду өстүрүп жатканы менен алардын түшүмүн сатып өткөрүү маселеси кыйынчылыктарды жаратууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×