Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.08.2016 15:39

Теплоключенкадагы балдар үйүндө 90 бала тарбияланууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары өздөрү өстүргөн жашылча-жемиштер менен тамактанышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга балдар үйүнүн жетекчиси Жеңишгүл Ниязова билдирди.

Анын айтымында, 1 сотых аянттагы күнөсканада экологиялык таза жашылчалар өстүрүлөт.

«Биринчи жылы күнөсканага жалаң бадыраң өстүргөнбүз. Андан кийин помидор, пияз жана башкаларды өстүрдүк. Жайы-кышы менен балдарыбыз жашылча жейт. Жумасына 40 кг бадыраң менен помидор алабыз. Мында балдар таза жана пайдалуу тамактангандан сырткары эмгектенгенди үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Балдар үйү 1996-жылы ачылган. Мында 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар тарбияланат. Учурда балдар үйүндө 90 бала бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×