Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.08.2016 15:29

Фото - 20 жаштагы бишкектик жигит башка адамдын унаасына жасалма номур тагып алып, Ысык-Көлдө эс алып жүргөн

Turmush -  Ысык-Көл облусуна эс алууга келген жигиттер «Мерседес-Бенц S350» унаасына жасалма номур тагып алышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, 6-августта Ысык-Көл районунун Кош-Кол айылында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2008-жылы чыккан кара түстөгү, 1277 SS мамлекеттик номурлуу «Мерседес-Бенц S350» унаасы токтотулган. Аталган унааны Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну К.Роман башкарып бараткан. Анда тишелүү документтер жок болуп чыкты. Ал эми, унаа Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну Абдулаев Фарух Абдулаевичке таандык экени белгилүү болду.

Андан тышкары, 1277 SS мамлекеттик номуру Юлдашевдин жеке ишканасына таандык экени аныкталды. Ал эми, рейд учурунда токтотулган унаанын өзүнүн номуру — KZ 472 KCA/08 унаанын багажынан табылды.

Административдик протокол толтурулгандан кийин «Мерседес-Бенц S350» унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×