Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.08.2016 15:26

Каракол токой чарбасы өлкөнүн аймагына 3,1 млн сомго карагайдын көчөттөрүн сатты

Turmush -  Каракол токой чарбасы тарабынан республиканын аймактарына 3 миллион 180 миң сомго карагай көчөттөрү сатылды. Бул тууралуу Каракол токой чарбасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Каракол токой чарбасынын аймагында өстүрүлгөн тянь-шань карагайларын 4 жылдан кийин, башка карагайларды 3 жылдан кийин көчөт катары отургузууга болот.

«Быйыл бул жерде өстүрүлгөн көчөттөр республиканын аймактарына 3 миллион 180 миң сомго сатылды. Токойчулар мурда чарбага тиешелүү токойлордон 5-6 миң куб метр карагайларды кыйышса, учурда алардын саны кыйла азайды. Учурда 1437 куб метр кыйылып, анын жараксыздары райондун элине отун катары берилип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×