Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 08.08.2016 15:17

Ысык-Көлдө Балыкчы—Корумду унаа жолунун жээктери ирээтке келтирилет

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Балыкчы—Корумду унаа жолунун жээктери ирээтке келтирилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, президент А.Атамбаевдин Ысык-Көлгө болгон иш сапарында жол жээктерин ирээтке келтирип, тартипке сала турган мекемелер начар иштеп жаткандыгы белгиленген.

Бул эскертүүдөн кийин облус жетекчилиги айыл аймактардын башчыларына, тиешелүү жетекчилерге үч күндүн ичинде Балыкчы—Корумду жолунун жээктерин текшерип, 10-августка чейин ирээтке келтирүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×