Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.08.2016 11:59

Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Өмүр көчү» жүрүшүнүн катышуучулары Түпкө жетти (фото)

Turmush -  Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Өмүр көчү» жүрүшүнүн Бишкектен чыккан катышуучулары Түптүн Карабаткак аттуу жеринде болуп, жергиликтүүэл менен бирге куран окутуп, митинг-реквием өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жүрүштүн катышуучуларын тосуп алышкандан кийин Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Аны Түп районунун акиминин милдетин аткаруучу Болот Айбалиев ачып, Карабаткактагы кыргын тууралуу жергиликтүү тарыхчы Элдос Мусакожоев, айылдык акын, «Өмүр көчү» жүрүшүнүн мүчөсү Нурдан Кожогулов айтып беришти.

Белгилүү тарыхчы Ташмамбет Кененсариев «Өмүр көчү» жүрүшүнүн мааниси жана мындан 100 жыл мурун кыргыз элинин көтөрүлүшү, андан пайда болгон Үркүнгө кенен токтолуп, тарыхый маанисине баа берди.

Жыйынтыгында жүрүшкө катышкан карыялар келечек үчүн жакшылыктарды тилеп, бата кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×