Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2016 11:41

Жети-Өгүздүн Тамга айылдык кооперативине 800 миң сомдук техникалар алынды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык кооперативи жаңы шаймандар менен толукталууда. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы К.Койчуманов билдирди.

Анын айтымында, айылда талаа иштери үчүн алынып келген техникалардын кичи көргөзмөсү уюштурулуп, ага акимдин орун басары А.Кыйшыев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

«Союз тарагандан кийин айыл чарба тармагы унутта калган. Ошол маалда кооперативдер жоюлуп кеткен. Учурда Жети-Өгүз районундагы 13 айыл аймактын ичинен Тамга айыл аймагындагы кооператив иштеп жатат. Ал 1991-жылдан 1994-жылга чейин айыл чарба багытындагы реформаларды жүргүзүү учурунда иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө "Тамга" дыйкан чарба кооперативи жаңы шаймандар менен жабдылууда», - дейт К.Койчуманов.

Ал белгилегендей, Тамга айыл аймагы өткөн жылы 2 «Беларусь МТЗ-82» үлгүсүндөгү тракторлорду шаймандары менен алган. Быйыл чөп чабуучу 2 унаа жана чөп түктөөчү 1 техниканы 800 миң сомго сатып алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×