Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.08.2016 11:11

Тоңдуктар «ала-тоо» жана «сментал» породасындагы уйларды көбөйтүүдө (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айыл аймагында малдын асылдуулугун арттыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган айыл аймактын башчысы Болот Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, аймакта жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү мал багышат. Малдын асылдуулугун арттыруу максатында айыл аймак тарабынан чет элдик уюмдарга долбоор жазылып, учурда малды жасалма жол менен уруктандыруу иши колго алынууда.

Тоң айыл аймагынын башкы адиси Азат Жумалиев азыркы тапта «ала-тоо» жана «сментал» породасындагы уйларды көбөйтүү максатында жасала жол менен уруктандыруу иши менен алектенүүдө.

«Бул үчүн бардык шарттар бар. Айыл аймак тарабынан жай бөлүнүп, ал жакта муздаткычта ветерианардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлгөн. Айыл аймактагы 2800дөн ашык тургун бул жакка кайрылып, малдын асылдуулугун арттыруу аракеттерин көрүп жатат. Бул породадагы уйлар сүт жана эт багытында болгондугу айыл тургундары үчүн маанилүү болууда», - деди Б.Мамбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×