Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.08.2016 14:10

Ак-Сууда кезектеги «Карагат» фестивалы 3 миң катышуучу менен башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-августта Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында «Карагат» фестивалы өтүп жатат. Ага республиканын жана облустун бардык аймактарынан келген дыйкан-фермерлер, айыл чарба кызматкерлери, кол өнөрчүлөр, ашпозчулар катышууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, бул иш-чарага 1200 фермер чакырылганына карабай, 3 миңдей адам келди.

«Бул фестиваль мындан 4 жыл мурда карагатты өстүрүү, көбөйтүү максатында башталган. Ал демилге жер-жемиштерди көбөйтүп, жаңы сортторду алып келүү максаты менен улантылып келет.

Ошондой эле, тамчылатып сугаруу, күнөсканаларды көбөйтүү боюнча керектүү маалыматтар берилет», - деди аким.

Бүгүнкү фестивалдын алкагындагы жарманкеге тамак-аштар, сүт азыктар, жашылча-жемиштердин түрлөрү жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлду.

«Карагат» фестивалы бул жылы Ысык-Көл облусунда 4-жолу өтүп жатат. Иш-чараны Кийинки жылы Ысык-Көл районунда өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×