Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.08.2016 14:00

Ысык-Көлдөгү туристтер кортеж үчүн унаа жол жабылганына нааразы (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна келген туристтер кортеж өтүү үчүн унаа жолдордун жабылганына нааразы. Мындай нааразычылыгын билдирген туристтер менен эс алуучулардын көпчүлүгү жолдон өтө албай, кыйынчылыктар жаралып жатканын айтууда, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-августта таң эртеден баштап укук коргоо органдарынын кызматкерлери унаа жолду жаап жатат.

«Алгач Балыкчы шаарындагы унаа жол 5 мүнөткө жабылып, андан кийин Тору-Айгыр айылынын жанындагы Кызыл-Өрүк айылында жол жабылды. Көпчүлүк кортеж качан өтүп кетет деп күтүп турат. Биздин артыбызда балдарды ташып бараткан автобус дагы турат. Бул жерде жолдун ачылышын күтүп турган унаалар 70ке жакын», - деди нааразы болгон жаран.

Автодорога в Чолпон-Ату перекрыта, ехавшие на отдых стоят в пробке в селе Кош-Коль, - читатель (фото)

Ошондой эле, бүгүн, 6-августта окурман АКИпресс-Репортерго Чолпон-Атада унаа жол жабылып, эс алууда жүргөндөр Кош-Көл айылында тыгында турганын билдирген.

«Унаа жол эмне себептен жабылды? Эмне үчүн жолдун жабылышы тууралуу алдын ала эскертүү берилбейт?», - деп суроо салат окурман.

Автодорога в Чолпон-Ату перекрыта, ехавшие на отдых стоят в пробке в селе Кош-Коль, - читатель (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×