Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.08.2016 11:14

Үркүнгө 100 жыл: Караколдо «Өмүр көчү-100» унаа жүрүштүн катышуучулары менен митинг-реквием өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-агустта Каракол шаарында Үркүндүн 100 жылдыгына карата митинг-реквием өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Ага «Өмүр көчү-100» унаа жүрүшүнүн 100дөн ашык катышуучулары, жергиликтүү тургундар, ыйгарым укуктуу өкүл Асхат Акибаев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Алгач 1916-жылы кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөр тууралуу эскерилди.

Жүрүштүн катышуучулары ата-бабалар шейит кеткен жерлерге баргандагы сезимдери менен бөлүшүп, эркиндик кыргыз жерине канчалык кыйындык менен келгенин, аны сактоо, тарыхты билүү ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, тынчтык тилешти.

«Асыл баштан жүрүштү баштап, Кошой бешикке келдик. Андан кийин Кырк шейитке, андан соң Караколго жеттик. Анда ата-бабалардын арбагына куран окуп, ошол кездеги эл башына түшкөн кайгыны сезип, жүрөгүбүз сыздады», - деди «Ашар» коомунун мүчөсү Ракыя Жусупова.

Р.Жусупованын айтымында, 1991-жылы дагы Үркүндүн 75 жылдыгына карата ушул жол менен жүрүш уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×