Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.08.2016 11:01

Бишкектик Никита сүйүктүүсүнүн колун эл аралык фестивалда сурады (фото)

Turmush -  Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган жол тандабастардын 10-эл аралык фестивалынын ачылышындагы катышуучулар жакшы окуяга күбө болушту. Фестивалдын 2-августтагы ачылышында Бишкектин тургуну Никита сүйүктүүсү Полинанын колун сурады.

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Ак-Сай аймагында өтүп жаткан фестиваль бүгүн, 6-августта жыйынтыкталат.

Никита менен Полина

18

«Биз 4 жыл мурун таанышканбыз. Бүгүн жашоомдогу чечкиндүү кадамды жасап, сүйүктүүмдүн колун сурадым», - деди толкунданган Никита.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жаш түгөйлөр мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×