Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.08.2016 15:10

Сары-Тологойдогу мектептин курулушу 80%га аяктады

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылындагы Эгембердиев мектебинин курулушу 80%га аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдады.

150 орундуу мектептин курулушу республикалык бюджеттин каржыланып, куруу иштери 2014-жылы башталган. Курулуш иштерин «Бабег» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Учурда мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылып бүтүп, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×