Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.08.2016 14:46

Үркүндү саясатка бурмалагандар жок эмес, - журналист С.Абдрахманов

Turmush -  Үркүндү саясатка бурмалагандар жок эмес. Мындай пикирин аймактык кабарчыга журналист, тарых изилдөөчү Султан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 1916-жылы Бедел ашуусунда Үркүндө кырылган адамдардын сөөктөрүн көмүү боюнча даректүү тасма тарткан.

«Үркүндү учурда саясатка бурмалагандар жок эмес. Ал аркылуу орустарга каршы тукургусу келгендер бар. Бирок бул - ошол учурдун ыйы, ак падышанын саясаты. Андан кийин ошол эле орус эли падышаны кулатты. Элдин бир далайы мекенине кайтып келди. Менин жеке пикиримде, ошончо куралдуу аскерлерге каршы турган бул окуяны ата-бабаларыбыздын улуттук боштондук үчүн күрөшү деп айтсак жарашат. Биз аны бүгүнкү көз караш менен карап, талкуулоого акыбыз жок. Үркүн ошол мезгилдин тарыхый трагедиясы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×