Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.08.2016 14:31

«Жеңеке»: Ак-суулук Ч.Макелеева айдоочулук кесибин тикмечиликке алмаштырды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Чынара Макелеева өзүнүн айдоочулук кесибин таштап, тикмечилик менен киреше табууда.

Ч.Макелеева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал тиккен чыптамаларын Караколдогу эки дүкөнгө өткөрөт. Чыптамалардын баасы көлөмүнө жараша 200 сомдон 400 сомго чейин сатылат. Жылына 100 миң сомдон ашык пайда табышат.

«Товар өзгөчө сентябрь айынан март айына чейин жакшы өтөт. Күнүнө 4-5 чыптама тигем. Ал өтө жеңил, жылуу. Чыптаманы эркектерге, жаш балдарга, аялдарга ылайыктап тигем. Акыркы 10 жылдан бери тикмечилик менен алектенем», - дейт ал. 

Ч.Макелеева жаш кезинде айдоочу болууну самап, атайын билим алгандыгын да белгиледи.

«Жаш кезимде айдоочу болгум келип, 1994-жылы айдоочунун окуусун окугам. Кийин тикмечилик менен алектенип, ушул иш көңүлүмө жакын болуп калды. Учурда чыптамадан сырткары, буюртмага шырдак шырып, жер төшөк, жаздыкча, жууркан-төшөк жасайм. Жолдошум экөөбүз 5 баланы тарбияладык. Балдарымдын алды үй-бүлө курду. Азыр келиниме кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатам», - дейт Ч.Макелеева. 

Ал тикмечилик менен каражат топтоп, унаа сатып алууну максат кылат. Ал эми жолдошу менен уулдары унааларды чачып, кайра кураштырышат.

«Жеңеке»: Казакстанда өскөн орус кызы Ольга 8 жылдан бери Нарындын үлгүлүү келини (фото)

«Жеңеке»: Шаарда өскөн казак кызы Гүлзамира тоскоолдуктарга карабай кыргызстандык мигрант жигит менен качып кеткен (фото, видео)

«Жеңеке»: Биринчи перзентин 10 жыл күткөн Гүлмира кошуналары үчүн «Шайыр жеңе» (фото, видео)

«Жеңеке»: Жети-өгүздүк А.Мукашеваны жолдошуна кайын атасы ала качып берген (фото)

«Жеңеке»: Орус чөйрөдө тарбияланып, тоолуу Өзгөнгө келин болгон казак кызы Айнура баатыр эне болду (фото)

«Жеңеке»: 68 жаштагы караколдук мугалим З.Сыдыкова «Манас» эпосун 5 саат токтобой айтат (фото)

«Жеңеке»: Жумгалдын келини Г.Ниязалиева 6 баланы тарбиялоо менен өз өмүрүн байланыш тармагына арнады (фото)

«Жеңеке»: Өзбек кызы Д.Абдулахапова – мектеп директору, орус тилчи мугалим жана кыргыз үй-бүлөнүн татыктуу келини (фото) 

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Э.Токтокожоева ата-энеси жок балдарды өз балдарындай тарбиялайт (фото)  

«Жеңеке»: Жазмира – «Погончон айым», «Супер кожойке» сынактарынын жеңүүчүсү, көп балалуу эне жана Нарын облусунун ардактуу айымы (фото)

«Жеңеке»: Жумгалда 25 жыл билим берген мугалим Г.Эгешова 4 баланы өстүрдү (фото)  

«Жеңеке»: Бостеридеги тойлор К.Алмаматова даамдуу кылып бышырган «жаа бөйрөк» менен көркүнө чыгат (фото)

«Жеңеке»: 26 жаштагы жети-өгүздүк мугалим Аселди айылдаштары «ырчы келин» деп аташат (фото, видео)

«Жеңеке»: Фрунзеден учак менен чыккан Булбул жеңе жолдошунун үйүнө жетүү үчүн унаага, аягында тракторго түшкөн (фото)

«Жеңеке»: Ак-талаалык Г.Аянова жаа атып, тайган агытып, бүркүт салат (фото)

Жеңеке: Айбийке айылынын келини Элмира жолдошу менен агенттен таанышкан (фото)  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×