Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.08.2016 10:09

Ак-Сууда футбол федерациясы түзүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунда футбол федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Эралиев Эрмек билдирди.

Анын айтымында, футбол федерациясынын ачылышында 16 команда катышкан мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жаңы түзүлгөн Ак-Суу футбол федерациясына төрага болуп Токтобай Маанаев, аткаруучу директор болуп Аваз Бакашев шайланды. Жаңы түзүлгөн федерация райондо футболду өнүктүрүүнү пландоодо.

«Райондук командалар облустук турнирлерде жеңүүчү болуп келишет. Эми федерациясынын жардамы менен республикада жеңишке жетет деп ойлойбуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×