Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.08.2016 16:21

Караколдогу эки көчөгө унаалар үчүн бир тараптуу каттам киргизилди (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Торгоев жана Жамансариев көчөлөрүндө унаалар үчүн бир тараптуу каттам киргизилди. Бул тууралуу токтом бүгүн, 4-августтан баштап күчүнө кирди.

Бул токтомго ылайык, жолго жол белгилери орнотулуп, ички маршруттук каттамдар өзгөртүлдү.

«Шаарда 13 маршруттук каттам боюнча 50гө жакын унаа каттайт. Эми №3 жана №7 маршруттук каттамдар Ысык-Көл көчөсү менен ылдый түшүп, калган каттамдагы унаалар Торгоев көчөсү менен төмөн жактан базарга түшөт. Алар кайра Жамансариев көчөсү менен жогору чыгат», - дейт Каракол шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык авто базасынын жетекчиси Искендер Шаршекеев.

Белгилей кетсек, буга чейин бардык маршруттук каттамдар Торгоев көчөсү менен каттап, тыгын жаралып келген.

Токтом жеке менчик унааларга да тийиштүү. Унаалардын каттамын Патрулдук милициянын кызматкерлери көзөмөлгө алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×