Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 04.08.2016 14:55

Кыргызстандык профессор А.Оморов Тибеттеги сырдуу Кайлас тоосуна барып келди (фото)

Turmush -  Кыргызстандык профессор, жазуучу Асыкбек Оморов сырдуу Кайлас тоосуна барып келди.

А.Оморов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, Кайлас тоосу Кытай Эл Республикасынын Тибет автономдук районунун Тибет бөксө тоолорунун түштүк тарабында орун алган.

Анын айтымында, Американын учкучтары тоону космостон тартканда ак тебетейдин үлгүсүндөй болуп көрүнгөн. Америкалык экспедициялык топ Кайлас тоосуна чыгышкан. Алар кайра өз өлкөсүнө барганда 2 жылга жетпей улгайып, ар кайсы илдеттерге чалдыгып, каза болушкан.

Тажикстандын түштүгүнөн 28-30 чакырым алыстыктагы Пирамида тоосунда Жалама тоонун батыш тарабында дагы тибеттик кыргыздар жашаган.

Алар өздөрүн Күн уруусунун Жампа уруусунан деп аташкан. Бул жактагы тургундардын эң аз жашаганы 160 жашка чыкса, алды 250 жыл өмүр сүрүшөт.

Алар таш түрдөгү боз өйдө жашашат. Жылына 10-июлдан тарта 13 күн жол жүрүп, бир жылда айымдар тарабынан жасалган шырдак, туш кийиз, өрмөктөрдү, ала кийиздерди топозго жүктөп, жолго чыгышат. Алар тоого барып келгени менен 26 күн жүрүп, базардагы соода кылган күндөрүн кошкондо бир ай убакыт болуп, өз мекенине кайтышат.

Тибеттик кыргыздар чөптөрдүн тамырларын топоздун майына кууруп, жыл бою жешет. Кайлас тоосунун 4 капталынан 6714 метр бийиктикте дарыялар агып чыгат. Жер, суу, от, аба алар үчүн ыйык деп саналат.

«Кайлас тоосунун жанында Манас Аравар, Ракгас көлү орун алган. Манас Аравар көлү тунук, канаттуулар мекендеген таза көл. Ал эми Ракгас көлүндө кумурска да жок, ар мезгилде толкун болуп турат. Бул жактагы күн уруусунун эли каза болгон адамды жиликтеп аскаларга чыгарышат. Муну менен алар көзү өткөн адамдын жаны асманга учуп кетти деп түшүнүшөт. Улукман аталышындагы тоонун чокусуна эч ким чыгып көргөн эмес, ал касиеттүү жер», - дейт профессор А.Оморов.

Профессор белгилегендей, Кайлас тоосуна баруучуларга ошол аймактагы Манас Аравар көлүнөн тазаланып алып, андан кийин барууга уруксат берилет.

Кайлас тоосун айланган адамдын ичиндеги кармасы (тарткылык) тазаланат деген түшүнүк да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×