Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.08.2016 14:16

Тоң айыл аймагында таза суу чыгарылып, 2 кабаттуу бала бакча курулууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айыл аймагындагы Келечек жаңы конушунда таза суу чыгарылды. Бул тууралуу Тоң айыл аймагынын башчысы Болот Мамбетов маалымдады.

Анын айтымында, Келечек жаңы конушуна 2010-жылдан баштап тургундар отурукташа баштаган. Айыл аймак жаңы конуштарды жашылдандыруу долбооруна катышып, 1 млн 717 миң сом утуп алган. Эми айылдагы 110 үйгө таза суу киргизилип, көрктөндүрүү иштери дагы жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, айыл аймакта бала бакчанын 2 кабаттуу имараты курулуп жатат. Бала бакчанын мурунку имараты жеке менчикке өтүп кеткен, эми айыл аймактын балансына кайтарылды. Ага «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 2014-жылы каражат бөлүнгөн.

Жаңы имаратты быйыл пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×