Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.08.2016 12:37

Тоң районунун 80 жылдыгы 20-августта белгиленет

Turmush -  Ушул жылы Тоң районунун 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулу маалымдады.

«Райондун 80 жылдыгы 20-августта өтөт. Учурда атайын уюштуруу тобу түзүлүп, даярдыктар көрүлүп жатат.

Ошондой эле, райондун тарыхын баяндаган театралдаштырылган оюн-зоок, Үркүндүн 100 жылдыгы туурасында көргөзмөлөр уюштурулуп, спорттук оюндар өтөт.

Майрамдын 2-бөлүгү Кирген-Таш жайлоосунда уланат. Ал жакка 100гө жакын боз үй тигилет. 2 миңдей мейман келе турганы күтүлүп жатат.

80 жылдыктын урматына райондо 80 объектини ачуу пландалууда. Ошондой эле, көлдүн 80 чакырым жээги тазаланып, райондун 80 жылдыгы туурасында китеп чыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×