Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2016 16:42

Караколдогу бала бакчаларды оңдоп-түзөөгө 1,6 млн сом бөлүндү

Turmush -  Каракол шаарындагы бала бакчалардын имараттарын оңдоо үчүн шаардык бюджеттен 1 млн 649 миң 278 сом бөлүндү.

Маалыматка караганда, №7 бала бакчаны оңдоого 86 миң 400 сом, №3 бала бакчанын санитардык түйүнүн алмаштыруу үчүн 559 миң 276 сом, №2 бала бакчанын дааратканасын капиталдык оңдоп-түзөөгө 83 миң 360 сом, №14 бала бакчага кошумча тепкич куруу үчүн 84 миң 750 сом, №1 бала бакчанын жылытуу системасын оңдоого 343 миң 492 сом, №11 бала бакчага төшөк, жууркандарды алууга 100 миң сом, №4 бала бакчанын кампасынын курулушун аягына чыгарууга 40 миң сом каралды. Ошондой эле, №4 мектептин авариялык абалдагы ашканасына 352 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×