Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.08.2016 16:13

Түптүн Токтоян айылында 47 млн сомдук мектептин курулушу токтоп турат (фото)

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылында 2014-жылы күзүндө курула баштаган 47 млн сомдук эки кабаттуу, спорт залы, жуунучу жайы бар мектептин курулушу 8 айдан бери токтоп турат.

А.Коёнкөзов атындагы орто мектебинин директору Калык Албановдун айтымында, 2015-жылы курулган мектептин биринчи кабатынын кирпичтери ысык-сууктан, жай бою жааган жамгырдан бузула баштады.

Бул маселени мектептин директору ЖКнын депутаттары менен жолугушууда көтөргөнү менен анын кайрылуусу жоопсуз калды.

«Мектептин курулушуна кеткен миллиондор күйүп кетеби же Түп районунан Жогорку Кеңешке кезектеги депутат шайланганга чейин курулуш токтоп турабы?», - деп тынчсызданат мектеп директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×