Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2016 14:50

Караколдогу тарых жана край таануу облустук музейи кошумча имаратка муктаж

Turmush -  Каракол шаарындагы облустук тарых жана край таануу музейи кошумча имаратка муктаж.

Маалыматка караганда, музей ички бөлмөлөрдүн тардыгынан, экспонаттардын бардыгын жайгаштырууга орун жок болгондуктан толук кандуу иштебейт.

Музейдин кызматкерлеринин айтымында, экспонаттар батпагандыктан алар атайын бөлмөдө сакталып турат. Шаардын активисттери музейдин маңдайында жайгашкан мамлекеттик статистика башкармалыгынын имаратын музейге алмаштыруу демилгесин көтөрүүдө.

Облустук тарых жана край таануу музейи 1948-жылы ачылган. Ага 1957-жылдын 29-декабрында орус саякатчысы Н.М.Пржевальскийдин аты берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×