Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.08.2016 14:39

Ак-Суунун Ак-Булуң айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу 90%га бүттү

Turmush -  Ак-Суу районундагы Ы.Туманов атындагы мектептин курулушу 90%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Булуң айылындагы Ы.Туманов атындагы 275 орундуу орто мектептин курулушу түркиялык гранттын жана «Жерүй» кенинен түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Жалпы сметалык баасы 56,5 млн сомду түзгөн мектептин курулушу 2013-жылы башталган. Курулуш иштери «Авангард Строй» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулуш башталгандан бери 40,4 миллион сом акча каражаты которулду. Учурда электр энергиясын, суу түтүктөрүн орнотуу иштери аткарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×