Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.08.2016 14:33

Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылындагы эки мектептин жылуулук түйүндөрү оңдолууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагындагы эки мектептин жылуулук түйүндөрү оңдоп-түзөлүүдө. Бул тууралуу айыл аймактан билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Давлетов атындагы орто мектебинин жылуулук түйүндөрүн оңдоого жергиликтүү бюджеттен 243 миң сом бөлүнгөн. Ага от казандар алынып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми, Ы.Сооронбаев атындагы орто мектептин жылуулук түйүнүнө «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 242 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп, от казандар жаңыртылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×