Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2016 14:16

Караколдо мусулман көрүстөнүн текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү

Turmush -  Каракол шаарында мусулман көрүстөнүнө жер аныктоо үчүн 10го жакын кишиден турган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында маалымдалды.

Комиссиянын курамына ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, архитектура, мэрия, ветеринардык, фитосанитардык кызматтардын өкүлдөрү кирди. Алар 10 күндүн ичинде тийиштүү жерди аныктап, текшерүүлөрдү жүргүзүп чыгат.

Буга чейин шаардагы мусулман көрүстөнүндө жер жок калганы шаардык кеңештин сессиясында айтылган. Ошондой эле, аталган маселе Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×