Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.08.2016 12:47

Ак-суулук ардагер К.Дүйшөмбиевге «Кадырлуу эмгек каарманы» наамы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-августта Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылынын тургуну Карыбай Дүйшөмбиевге Ак-Суу районунун «Кадырлуу эмгек каарманы» деген наам ыйгарышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиргендей, ардагер көп жылдар бою аталган айылда иштеп, колхоздун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

«Мен ушул жерде туулуп, өмүр бою эмгек өтөдүм. Алгач комсомол катчысы, кийин кой ферманын, чарбанын башчысы болуп узак убакытка чейин иштедим. Далай тажрыйбалуу жетекчилер менен иштештик.

Жубайым экөөбүз 14 балалуу болдук. Ал дагы өмүр бою колхоздо иштеди. Жайкысын кызылча отоп, жазында койду төлдөтүүгө, башка жумуштарга катышты. Биздин эмгекти баалаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ыраазымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×