Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.08.2016 11:23

Уланбек Рыскулов КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы болду (фото)

Turmush -  Уланбек Рыскулов Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жер казынасын чалгындоо, коргоо жана колдонуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы болду. Бул тууралуу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик XX сессиясында маалым болду.

Буга чейин төрагалык кызматты Тажикстандан Джумазода Мурод Хол ээлеп келген. Мурунку сессия 2015-жылы өткөрүлгөн. Төрагалык кылуу функциясы Энергетика, кен пайдалануу жана өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Уланбек Рыскуловго берилди.

Төрагалык кылуу функциясын берип жатып Джумазода Мурод Хол 2011-2015-жылдары перспективдүү пландын негизинде көптөгөн иштер жасалгандыгын айтты.

«Кээ бир долбоорлор узак мөөнөттүү болгондуктан 2016-2010-жылдын перспективдүү планына киргизилди. Алар бүгүн XX сессиянын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Ошондой эле, кабыл алып жаткан тараптын жылуу кабыл алуусун белгилеп кетүү керек. Мындай шарттарды мыкты команда менен гана түзүүгө болот. Ысык-Көл — бул жердин эң кооз аймактарынын бири экендигине ынандым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×