Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.08.2016 10:04

Фото - М.Бакиевдин Ысык-Көлдөгү курулуп бүтө элек 240 миң долларлык 3 кабаттуу үйү

Turmush -  2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин улутташтырылган Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы курулуп бүтө элек 3 кабаттуу турак үй азыркыга чейин сатыла элек.

Маалыматка караганда, 26-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан аталган объект боюнча кезектеги аукцион өткөрүлгөн.

Курулуп бүтө элек 3 кабаттуу турак үйдүн жалпы аянты 1,5 гектарды ээлейт. Башталгыч баасы 16 млн 437 миң [Улуттук банктын азыркы курсу боюнча 241 миң 77,13 доллар] сомду түзүүдө.

Турак үй Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда орун алган. Объектинин курулушу болжол менен 2004-жылы башталган. Курулуштун 37,8%ы бүткөрүлгөн. Жалпы аянты — 1 миң 847,3 чарчы метр, имараттын көлөмү — 6 миң 725 куб метр, имараттын курулушунун аянты — 750,5 чарчы метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×